18:41 26 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Коом
Кыскача шилтеме алуу
116 0 0

Марипов Чүй облусундагы бир мектепке барат. Өкмөт башчы "мага да, балдарга да кызыктуу болот деп ойлойм" деген пикирин жазган.

БИШКЕК, 14-Сен. — Sputnik. Эртең, 15-сентябрда, жаңы окуу жылынын биринчи күнүнө карата министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов баштаган өкмөт мүчөлөрү окуучуларга сабак өтөт. Бул туурасында өкмөт башчы Facebook баракчасы аркылуу маалымдады.

"Мекендешибиз Ахрор Иминов белгилегендей, биринчи окуу күнү биздин балдардын эсинде сакталып калышы керек. Мектептерде салтка айланып калган "Тынчтык сабагы" деп аталган класстык сааттар өтөт. Бул күн мен Чүй облусундагы мектептердин бирине барып окуучуларга сабак өтүүнү пландап жатам. Мага да, балдарга да кызыктуу болот деп ойлойм", — деп жазган Марипов.

Ошондой эле ал орун басарлары жана министрлер кабинетинин башка мүчөлөрү да класстык сааттарды өтөрүн кошумчалады.

Тема боюнча

Оштун мэри мектеп жана бала бакчаларда тарбиялык саат өткөрүүнү тапшырды
Өлкөдө электрондук каттоо менен 1-класска кирген окуучулардын саны айтылды
Белгилер:
Улукбек Марипов, өкмөт, мектеп, сабак

ЭҢ МААНИЛҮҮ