10:18 21 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7985
  • EUR99.2906
  • RUB1.1564
Коом
Кыскача шилтеме алуу
315 0 0

Кош бойлууларда аталган препараттын дозасы көп болуп кетсе, түйүлдүккө терс таасирин тийгизери айтылган.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. D витаминин дарыгердин көзөмөлү жок өз алдынча иче берүүнүн кесепети тиет, тагыраагы, гиперкальциемия жаралат. Бул тууралуу эндокринолог, диетолог Оксана Михалева "Известия" басылмасына айтып берген.

D витамини тамак-аш менен организмге түшкөндөн кийин күн нурунун таасири менен синтезделет. Ал азыктардан балыкта, жумурткада жана ак майда бар. Күн аз тийген жакта аталган витаминдин териде синтезделиши, процесс жайында жүрөт. Бул жылдын калган мезгили үчүн организмге тиешелүү запасты топтоп алууга жардам берет.

"Препаратты өз алдынча, эч кандай көзөмөлү жок эле иче бергенде кесепети болот. Биринчиден, ал гиперкальциемияга — канда кальцийдин өтө көп болуп, андан улам жумшак ткандарда, бөйрөктө, кан тамырлардын ичинде туруп калышына алып келет. Мындан сырткары, D витамин көп болгондо кишинин жүрөгү айланып, кусуп, киши болор-болбос нерсеге туталанып, ага кошумча уйкусу бузулат", — деп түшүндүргөн Михалева.

Адис мындай абал бөйрөктө таштын пайда болушуна, сөөктүн морт болуп, тез сынышына алып келерин эскерткен. Кош бойлууларда аталган препараттын дозасы көп болуп кетсе, түйүлдүккө терс таасирин тийгизип, ымыркайдын сөөк системасында ооруну пайда кылышы мүмкүндүгү айтылды.

Тема боюнча

Адамдын организминде канттын күнүмдүк нормасы канча болушу керек? Дарыгердин жообу
Белгилер:
Россия, адис, витамин, кеңеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ