04:15 08 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7971
  • EUR95.6130
  • RUB1.1437
Коом
Кыскача шилтеме алуу
523 0 0

Иш-чаранын алкагында россиялык фирмалар чыгарган пилотсуз учуучу аппараттардын акыркы үлгүлөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу пландалууда.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында пилотсуз аппараттарды колдонуу боюнча Кыргызстан жана Россиянын биргелешкен машыгуулары башталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

  • В Иссык-Кульской области начаты кыргызско-российские учения по использованию беспилотных летательных аппаратов в борьбе с незаконным оборотом наркотиков
    Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында пилотсуз аппараттарды колдонуу боюнча Кыргызстан жана Россиянын биргелешкен машыгуулары башталды
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • В Иссык-Кульской области начаты кыргызско-российские учения по использованию беспилотных летательных аппаратов в борьбе с незаконным оборотом наркотиков
    Иш-чара баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
  • В Иссык-Кульской области начаты кыргызско-российские учения по использованию беспилотных летательных аппаратов в борьбе с незаконным оборотом наркотиков
    Машыгуу учурунда эки өлкөнүн компетенттүү органдары кылмышкерлердин изине түшүү, дайынсыз болуп жаткандарды издөө, кара куурай өскөн жерлердин картасын түзүү жана кыймылдагы объектилерди кармоо тапшырмаларын аткарышат.
    © Фото / пресс-служба МВД КР
1 / 3
© Фото / пресс-служба МВД КР
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында пилотсуз аппараттарды колдонуу боюнча Кыргызстан жана Россиянын биргелешкен машыгуулары башталды

Иш-чара баңгизатты жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган. Машыгуу учурунда эки өлкөнүн компетенттүү органдары кылмышкерлердин изине түшүү, дайынсыз болуп жаткандарды издөө, кара куурай өскөн жерлердин картасын түзүү жана кыймылдагы объектилерди кармоо тапшырмаларын аткарышат.

"Муну менен укук коргоо органдары пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча тажрыйбаларын арттырышат", — деп айтылат маалыматта.

Машыгуунун жыйынтыктары 17-сентябрда Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик координациялык комитеттин көчмө жыйынында каралат.

Иш-чаранын алкагында россиялык фирмалар чыгарган пилотсуз учуучу аппараттардын акыркы үлгүлөрүнүн көргөзмөсүн уюштуруу пландалууда.

Тема боюнча

Латвияда аскерлер машыгуу учурунда "атышып" элди чочутту. Видео
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, аппарат, машыгуу

ЭҢ МААНИЛҮҮ