06:23 16 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Коом
Кыскача шилтеме алуу
201 0 0

Үстүбүздөгү жылдын март айында Мурас-Ордо конушунда 13 жаштагы бала киши колдуу болгону аныкталган. Шектүү катары агасы кармалган.

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкектин Биринчи май райондук соту инисин өлтүрүүгө шектелген С. уулу А. аттуу өспүрүмгө карата өкүм чыгарганын соттун маалымат кызматы билдирди.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси ("Аффект абалда адам өлтүрүү") боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жыл алты айга эркинен ажыратылды.

"Кылмыш-жаза кодексинин "Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу" беренеси боюнча, пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен үч жылга эркинен ажыратылды", — деп айтылат маалыматта.

Соттун өкүмү 9-сентябрда чыккан.

Пробация деген эмне?

Соттолгон адам сот койгон талаптарды аткарышы керек. Мисалы, жаран өлкөдөн сыртка чыкпайт, пробация органына жашаган жери боюнча кабар берип турат. Пробациялык мөөнөт бүткөндөн кийин жаран талаптарды так аткарып, жаңы кылмыш жасабаса жазасын өтөдү деп эсептелет.

Эске салсак, 13 жаштагы бала 17-март күнү Мурас-Ордо конушунда киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары анын 17 жаштагы агасы кармалган.

Милиция өспүрүм талма оорусу менен жабыркай турганын аныктаган. Буга байланыштуу анын жанында дайыма жакындарынын бири болуп турган. Бирок каргаша болгон күнү балдардын ата-энеси жумушуна кетип калган.

Милициянын маалыматына караганда, балдар айтыша кетип, агасы инисин бир нече ирет бычак менен сайып өлтүргөн.

Тема боюнча

Бакиров: бала 14 жашка толгондон тартып сот жообуна тартылышы мүмкүн
Бишкекте катуу сабалган келин эсине келбей ооруканада көз жумду
Белгилер:
Бишкек, сот, кылмыш, өкүм

ЭҢ МААНИЛҮҮ