COVID: Кыргызстанда акыркы суткада 6,5 миңден ашуун адам вакцина алды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүВакцина сайып жаткан дарыгер. Архив
Вакцина сайып жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Жалпысынан коронавирустан коргогон препаратты Кыргызстанда 700 миңден ашуун адам алды. Вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн сутка ичинде 6 559 адам коронавируска каршы вакцина сайдырды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Анын ичинен 3 103 киши биринчи дозаны, 3 456 адам экинчи ирет алган.

Ал эми жалпысынан вакцинанын биринчисин 734 940, экинчисин 521 749 киши сайдырды.

COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча улуттук пландын алкагында 3,4 миллион адамды эмдөө каралган. Жамааттык иммунитет жаралышы үчүн максаттуу топко киргизилгендердин кеминде 70 пайызы вакцина алышы зарыл. Бул 2,4 миллион адамды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0