COVID: 75 адам ооруп калса, үчөө көз жумду. 12-сентябрга маалымат

© Sputnik / Кирилл БрагаОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Жазылуу
Соңку суткадагы статистикага көз чаптырсак, ооруканада коронавирус менен 655 бейтап жатат. Ал эми үйдө дарыланып жаткандардын саны болжол менен эки эсе көп.

БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 75 адамдан коронавирус аныкталып, оору үч бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Бир сутка ичинде 102 адам COVID-19ду жеңип, айыгып кетти.

Коронавирус аныкталган аймактар:

  • Бишкек – 38;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу - 4;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 3.
"Өткөн суткада коронавирустан үч адам каза тапты. Буга чейинкилерди кошкондо Кыргызстанда аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2572ге жетти", — деп билдирди штаб.

Соңку статистиканы эсепке алганда илдетке кабылгандардын жалпы саны 177 158ге жетти. Ал эми сакайып чыккандар 171 428 кишини түздү.

Ооруканада учурда 655 бейтап жатат, 1046 киши үй шартында дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0