20 сомдук купюра 21 эсе кымбат сатылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча жана калькулятор. Архив
Акча жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.09.2021
Жазылуу
Кыргызстандын 20 сомдук банкноту интернет-аукционго коюлду. Наркы өзүнөн 21 эсе кымбат. Мунун бир эле себеби бар.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. "Мешок" интернет-аукционуна Кыргызстандын 20 сомдук купюрасы коюлду.

Анын баштапкы наркы 365 рубль (425 сом) деп бааланууда. Банкнот өзүнөн 21 эсе кымбат турат.

Акча 1993-жылы чыккан алгачкы сериядагы купюра болгондуктан наркы ушундай болууда. Ага Манастын сүрөтү түшүрүлгөн. Азыркы тапта өлкөдө IV сериядагы банкноттор колдонулуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0