77 аялды тизмеден чыгарып салган. БШК Ош аймактык шайлоо комиссиясын жоюп салды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДобуштарды эсептөө учурунда шайлоо кызматкерлери. Архив
Добуштарды эсептөө учурунда шайлоо кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Эки партия тизмесинен 30дан ашуун аял-талапкерди чыгарган. БШК массалык түрдө аялдарды мандатынан ажыратып салуу коомчулукта резонанс жаратканын белгиледи.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) айрым чечимдерин жокко чыгарып жана анын курамын жоюп салды. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы билдирди.

БШК мүчөлөрү Ош шаардык кеңешин шайлоого катышкан "Биздин Кыргызстан" партиясынын тизмесинен 38, "Ата-Журт Кыргызстандан" 39 аял-талапкерди чыгаруу боюнча АШКнын чечимин жокко чыгарды.

Мындай мыйзам бузуу үчүн Ош АШКнын курамы жоюлганы белгиленген.

"БШКнын мүчөлөрү гендердик квоталарды сактоо — аялдарды шайлоого катыштырууга жана башкаруучулук кызматтарга келишине мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын маанилүү бир бөлүгү. Партиялар мындай аракеттерди жасалмалуулукка жана көз боёмочулукка айландырбашы керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта "Биздин Кыргызстан" жана "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын каттоосунда бир жыныстагы адамдарды 70 пайыздан ашырбоо жана талапкерлердин тизмедеги кезегин эки позициядан ашырбоо нормасы боюнча талаптар сакталды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Экс-депутат: ЖК шайлоосунун жыйынтыгы партия лидерлери үчүн күтүүсүз болот
"Биздин Кыргызстан" партиясы добуш берүү бүткөндөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин 38 аял-талапкерди тизмеден алып салган. 9-августта "Ата-Журт Кыргызстан" 39 талапкерди катарынан чыгарган. Ал эми Ош аймактык шайлоо комиссиясы аларды партиядан чыгарууга макулдук берген, бирок ал чечими тууралуу өз убагында БШКга маалымдаган эмес", — деп жазган БШК.

Аталган эки партиянын мүчөсү катары депутат болгон алты талапкер (анын ичинен бешөө аялдар) мандатынан ажыраган. БШК массалык түрдө аялдардын мандатын артка чакыртып алуу коомчулукта резонанс жаратканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0