COVID статистикасы: 100 киши вирус жугузуп, үч бейтап көз жумду

© AFP / YASUYOSHI CHIBAОоруканадагы медициналык кызматкер
Ооруканадагы медициналык кызматкер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Жылпысынан алганда өлкө боюнча илдетке кабылгандардын жалпы саны 176 983кө жетти. Ал эми сакайып чыккандар 171 180ди түздү.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 100 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну 132 киши жеңип чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 49;
  • Чүй облусу – 20;
  • Ош облусу – 2;
  • Талас облусу – 5;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 5.

Ушуну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 176 983кө жетти. Ал эми сакайып чыккандар 171 180ди түздү.

Тилекке каршы, COVID-19 акыркы суткада үч адамдын өмүрүн алып, көз жумгандардын саны 2 566 болду.

Ооруканада 690 бейтап жатат, 1 094 киши үй шартында дарыланууда.

Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 11 921 киши коронавируска каршы вакцина алды. Алардын ичинен 5 278и биринчи дозасын, 6 643ү экинчи компонентин сайдырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0