Диетолог ачкарын эмнелерди жеп-ичкенге болбой турганын айтты

© Фото / Pixabay / Xperia6Диетолог. Иллюстративдик сүрөт
Диетолог. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, алкоголду ачкарын ичкенде спирт канга тез тарап, адамды ылжыта мас кылат. Сагыз чайноо дагы зыян экени белгиленди.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Индиялык диетолог Пуджа Махиджа эртең менен уйкудан ойгонор замат чай же кофе ичүү организмге зыян экенин билдиргенин Tvzvezda сайты жазды.

"Бир чыны кофе ашказандагы кислотанын деңгээлин кескин жогорулатат", — деген Махиджа.

Адис ошондой эле курсак ачкан кезде алкоголдук ичимдиктерден баш тартууга чакырган. Себеби спирт канга тез тарап, адамды ылжыта мас кылат.

Диетологдун айтымында, ачкарын сагыз чайнаган да зыяндуу, анткени ал ашказандан кошумча ширенин бөлүнүп чыгышын шарттап, органдын былжыр челине терс таасирин тийгизет.

Жаңылыктар түрмөгү
0