Күн салкындайт. Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАял баласы менен Бишкектин паркында. Архив
Аял баласы менен Бишкектин паркында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
Жазылуу
Апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн суук болушу, ишембиге караган түнү жаан жаай турганы айтылды.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн суук болушу күтүлүүдө.

Чүй облусу

11-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. 11-сентябрь күндүз жана 12-сентябрда жаан жаабайт.

Талас облусу

Бул аймакта 10-сентябрдан 11-сентябрга караган түнү жаан жаашы божомолдонууда. 11-12-сентябрда жаан жаабайт.

Проверка газового оборудования в жилых домах  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Бишкектин айрым жерлеринде газ бир жумага өчүрүлөт. Даректери
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

11-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Айрым райондорго жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. 12-сентябрда тоолуу райондордо өткүн өтсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусу

Бул аймакта дагы 11-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы божомолдонууда. Тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 11-сентябрда күндүз жана 12-сентябрда түнкүсүн жаан жаабайт.

Нарын облусу

11-сентябрда жана 12-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-сентябрь күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-сентябрда 14 метрге жетиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0