Бишкекте жол кире үчүн 20 сом талап кылган маршрутка айдоочусуна чара көрүлдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовМаршрутка айдоочусу. Архив
Маршрутка айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Шаардык транспорт башкармалыгы мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн айдоочуга карата кескин чара көрүүнү талап кылган.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Өз алдынча жол кирени көтөрүп алган маршрутка айдоочусу менен келишим үзүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриядан билдирди.

Маалыматка караганда, № 230 маршрутканын айдоочусу жүргүнчүдөн 20 сом талап кылган.

"Транском Юнити" жүргүнчү ташуучу фирма № 230 маршрутканын айдоочусу менен келишимди токтотту", — деп айтылат маалыматта.

Мэриянын Шаардык транспорт башкармалыгы мындай көрүнүш кайталанбашы үчүн айдоочуга карата кескин чара көрүүнү талап кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0