Мэрия: жакынкы эки жылда Бишкектин мектептери газ менен жылытууга өткөрүлөт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКотельныйда иштеген жумушчу. Архив
Котельныйда иштеген жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
Бир жылытуу сезонунда Бишкектин мектептерине 3 600 тонна көмүр каралган. Шаардагы экологиялык абалды жакшыртуунун алкагында эки мектеп газга өткөрүлгөн.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Буга чейин көмүр менен жылытылып келген Бишкектин мектептери 2022-2023-жылдар аралыгында жаратылыш газы менен жылытууга өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Муниципалитеттен билдиргендей, жалпы билим берүүчү 41 мектептин 10у электр кубаты, 18и көмүр, 11и газ жана эки мектеп буу менен жылытылат.

"Баш калаанын экологиялык абалын жакшыртуу боюнча 2021-2023-жылдарга карата комплекстүү чаралардын планын ишке ашыруунун алкагында №21 мектеп-интернаты көмүрдөн жаратылыш газына, быйылкы жылы №19 орто мектеби газга өткөрүлдү. Калган мектептерди жакынкы эки жылда газга өткөрүү пландалып жатат", — деп айтылат маалыматта.

Квитанция жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Таштанды үчүн 2 квитанция. Бишкек мэри элди акча төлөбөй турууга чакырды
План боюнча бир жылытуу сезонуна 3 600 тонна көмүр каралганын шаардык башкармалыктан маалымдашты. Быйылкы жылга тендер өткөрүлүп, көмүр жеткирүүчүлөр менен келишимдер түзүлгөн. Ага ылайык, көмүр октябрдан тарта жеткириле баштайт.

"Биз жергиликтүү күрөң көмүр сатып алабыз, анын күн нуруна жарака кетип, майдаланып кала турган сапаты бар. Эгер суу кирсе, өзүнөн өзү күйүп кетиши да мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия жаратылыш газы менен жылытууга өтүүдө экология сакталарын кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0