Кыргызстандагы стратегиялык энергокомпаниянын директорлор кеңешинин курамы алмашты

© AFP / NICHOLAS KAMMАткаминер. Архив
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Акционерлердин жыйынында директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселеси каралган.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланды. Бул тууралуу аталган компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 8-сентябрда, акционерлердин кезексиз жалпы жыйыны өттү. Натыйжада директорлор кеңешинин толук курамынын ыйгарым укуктары токтотулду. Алар:

  • Тилек Айталиев;
  • Кубаныч Беков;
  • Ильяс Давыдов.

Жаңы курам шайланып, ага Равшанбек Касымов, Максат Жумабаев, Ильгиз Сыдыгалиев, Кадырбек Кошбай уулу жана Рахатбек Пирматов кирди.

Эске салсак, директорлор кеңеши акционерлердин жыйынында компанияны жалпы башкарат, ал эми күнүмдүк ишмердүүлүгү менен башкармалык алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0