Өзүм да, үй-бүлөм да кыйналды... "Хизб ут-Тахрир" уюмунан чыккандардын видеосу

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүНамаз окуп жаткан адам. Архив
Намаз окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Учурда облус аймагында 485 адам "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү катары каттоого алынган. Милиция түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районунун үч тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады. 

Аларга Жалал-Абад ОИИБ менен Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жарандар буга чейинки кадамдары туура эмес экендигин билдирип, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришкен.

"2014-жылы "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмуна мүчөлүккө айыпталып беш жылга камалып чыктым. Мен дагы, үй-бүлөм дагы кыйналды. Ушундан жыйынтык чыгардым. Учурда бул уюмду колдобойм. Башка жаштарга дагы булардын катарына кошулууну сунуштабайм", — деп жарандардын бири билдирди.

Абактагы киши. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.08.2021
Катчы Иманкулов: диний экстремисттер абакка барыш үчүн кылмыш жасашат
Облустук милиция жыл башынан бери 16 адам тыюу салынган уюмдан баш тартканын кошумчалады. Ошондой эле бул жаатта чет элдик жарандарга (студенттерге), жогорку жана орто билим берүү мекемелерине, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга жана башкаларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Учурда облус аймагында 545 адам Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын каттоосунда турат. Анын 485и "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунун мүчөсү деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0