Сооронбаев: постковиддик синдром менен ооруканага кайра жаткандар болууда

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Сооронбаев
Медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, COVID-19дун оор формасына чалдыккан бейтаптар бир жуманын ичинде, ооруканадан чыгарылгандан кийин үч жумадан кечиктирилбестен кайрадан текшерүүдөн өтүшү керек.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан кийинки синдромго кабылган бейтаптардын 20 пайызга чейинкисин эки айдын ичинде кайрадан ооруканага жаткырууга туура келген. Бул тууралуу бирифинг учурунда медицина илимдеринин доктору, профессор Талант Сооронбаев билдирди.

"Постковиддик синдром менен ооруган бейтаптар арасында кайра ооруканага жаткырууга туура келгендер болууда. Аларды госпитализациялоо кадимки же адистештирилген ооруканаларда жүргүзүлүүгө тийиш. COVID-19дун оор формасына чалдыккан бейтаптар бир жуманын ичинде, ооруканадан чыгарылгандан кийин үч жумадан кечиктирилбестен кайрадан текшерүүдөн өтүшү керек. Реабилитация бардык бейтаптар үчүн милдеттүү болуп саналат", — деди дарыгер.

Адис айыккандан кийин төмөнкү симптомдор болушу мүмкүн экенин айтты:

  • чарчоо жана алсыздык;
  • демдин кысылуусу, дем алуунун жетишсиздиги;
  • көкүрөк оорусу же ооруган жердеги ыңгайсыздык;
  • жөтөл;
  • жыт жана даамдын өзгөрүшү;
  • неврологиялык оорулар;
  • нейрокогнитивдүү симптомдор;
  • психикалык оорулар.
Жаңылыктар түрмөгү
0