Кыргызстанда COVID жуктургандардын саны 100дөн төмөндөдү. Статистика

© AFP / TIZIANA FABIКоронавируска тест жасоочу система. Архив
Коронавируска тест жасоочу система. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
COVID-19 акыркы суткада төрт адамдын өмүрүн алды. Ооруканада 721 бейтап жатат, 1 134 киши үй шартында дарыланууда.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 97 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну 166 киши жеңип чыкты. Бул туурасында Республикалык штаб билдирди.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары - 47;
  • Ош шаары - 3;
  • Чүй облусу – 22;
  • Ош облусу - 2;
  • Талас облусу - 2;
  • Нарын облусу - 3;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу - 4.

Ушуну менен илдетке кабылгандардын жалпы саны 176 779га жетти. Ал эми сакайып чыккандар 170 911ди түздү.

Тилекке каршы, COVID-19 акыркы суткада төрт адамдын өмүрүн алып, көз жумгандардын саны 2 561ге жетти.

Ооруканада 721 бейтап жатат, 1134 киши үй шартында дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0