Жакшы оюн көрсөттүңөр! Жапаров футболчуларды куттуктап, белекке топ алды. Видео

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан курама командасы менен жолугушу учурунда
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан курама командасы менен жолугушу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен футболчулар эс алуучу бөлмөгө кирип, спортчуларга ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Бангладеш ортосундагы футболдук беттештен кийин өлкөнүн футбол боюнча курама командасы жана машыктыруучуларына жолугуп, жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирип, видеосун Facebook баракчасына жүктөдү.

Анда көрүнүп тургандай, Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен футболчулар эс алган бөлмөгө кирип, спортчуларга ыраазычылык билдирген.

"Азаматсыңар жигиттер! Жакшы оюн көрсөттүңөр. Силерге ийгиликтерди каалайбыз, дайыма уткула. Келечегиңер кең болсун", — деди өлкө башчы.

Президент курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин да колун кысып, рахматын айткан. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров во время поздравлений сборной Кыргызстана по футболу, после победы над сборной Бангладеша, на стадионе им. Долона Омурзакова. 07 сентября 2021 года
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Бангладеш ортосундагы футболдук беттештен кийин өлкөнүн футбол боюнча курама командасы жана машыктыруучуларына жолугуп, жеңиши менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Бангладеш ортосундагы футболдук беттештен кийин өлкөнүн футбол боюнча курама командасы жана машыктыруучуларына жолугуп, жеңиши менен куттуктады
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан курама командасы менен жолугушу учурунда
Анда көрүнүп тургандай, Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен футболчулар эс алуучу бөлмөгө кирип, спортчуларга ыраазычылык билдирген - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан курама командасы менен жолугушу учурунда
1/2
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан менен Бангладеш ортосундагы футболдук беттештен кийин өлкөнүн футбол боюнча курама командасы жана машыктыруучуларына жолугуп, жеңиши менен куттуктады
2/2
Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстан курама командасы менен жолугушу учурунда

Андан соң футболчулар Садыр Жапаровго топ белек кылып, чогуу сүрөткө түшүшкөн.

Эске салсак, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладешти 4:1, ал эми палестиналыктарды 1:0 эсебинде утуп, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды. Мелдешке президент да күбө болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0