Ошто "Өзгөн-Мунара-2021" этнофольклордук фестивалы өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок "Кырчын"
III Всемирные игры кочевников. 3 день. Этногородок Кырчын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Иш-чаранын алкагында азык-түлүк, мөмө-жемиш жарманкеси, кол өнөрчүлөр, сүрөт көргөзмөсү, этно-мода, күрүч фестивалы болуп, гала-концерт менен коштоло турганы кошумчаланды.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. 17-сентябрь күнү Өзгөн шаарында "Өзгөн-Мунара-2021" аттуу этнофольклордук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулар билдирди.

Билдирмеге караганда, иш-чара жергиликтүү элдин руханий-адеп-ахлактык жана маданий өсүүсүнө салым кошуу, жер-жерлердеги тарыхый баалуу мурастарды даңазалоо максатында өтмөкчү. Майрамдык салтанатка манасчы, дастанчы, төкмө акындар, фольклордук ансамблдер, искусство чеберлери, сүрөтчүлөр, уз-чеберлер, кол өнөрчүлөр жана улуттук ашкананын кесипкөйлөрү катыша турганы белгиленди.

"Мамлекеттик ишмерлер, эл өкүлдөрү, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) өкүлдөрү фестивалдын коноктору болмокчу", — деди уюштуруучулар.

Иш-чаранын алкагында азык-түлүк, мөмө-жемиш жарманкеси, кол өнөрчүлөр, сүрөт көргөзмөсү, этномода, күрүч фестивалы болуп, гала-концерт менен коштоло турганы кошумчаланды. Фестиваль Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Өзгөн археологиялык-архитектуралык музей комплекси жана Өзгөн шаарынын аянтында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0