Футболдо кызынын колун сураган Азамат: милиция кармап, тоскоолдуктар көп болду. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Бангладеш футболдук мелдеши учурунда кол суроо
Кыргызстан менен Бангладеш футболдук мелдеши учурунда кол суроо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Азамат беттештин биринчи таймы аяктаган соң трибунанын чыгыш тарабына "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакатты жайып, кызына кучак толо гүл берген.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Бангладеш командаларынын футболдук мелдеши учурунда Жибек аттуу сүйлөшкөн кызынын колун сураган Азамат Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына идея кандайча жаралганын, аны ишке ашырууда кабылган кыйынчылыктарды айтып берди.

"Биринчиден, менин атам бул жакта иштейт. Эң жакын досторумдун бири Абай Боколеев курама командада футбол ойноп жатат. Мен кызымдын колун кантип өзгөчө кылып сурасам деп ойлоп жатсам, ал "футбол учурунда сунуш киргиз" деп калды. Абдан толкундандым, тоскоолдуктар дагы болбой койгон жок. 15-20 мүнөт мурда укук коргоо органдары кармап алды. Мен фейерверк аттырып, мындан да өзгөчө, кооз кылууну ойлогом. Бирок андай кылганга болбойт экен. Элдикинен башкача ыкма менен сунуш киргизейин деп ушундай идея жаралды. Мен сени абдан жакшы көрөм", — деп жанындагы сүйлөшкөн кызын карады.

Жибек кабарчынын "сунушту кабыл алдыңызбы?" деген суроосуна күлүп, "ойлонуп көрөм" деп жооп берген.

© Sputnik / Табылды КадырбековПредложение руки и сердца на трибунах стадиона во время матча Кыргызстан — Бангладеш, в рамках Кубка трех наций. 07 сентября 2021 года
Жибек кабарчынын сунушту кабыл алдыңызбы? деген суроосуна күлүп, ойлонуп көрөм деп жооп берген - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жибек кабарчынын "сунушту кабыл алдыңызбы?" деген суроосуна күлүп, "ойлонуп көрөм" деп жооп берген
© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан менен Бангладеш футболдук мелдеши учурунда чоң жазуусу бар плакатты
Белгилей кетсек, беттештин биринчи таймы аяктаган соң трибунанын чыгыш тарабында Азамат Жибек, мага турмушка чыгасыңбы? деген чоң жазуусу бар плакатты жайган - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кыргызстан менен Бангладеш футболдук мелдеши учурунда чоң жазуусу бар плакатты
© Sputnik / Табылды КадырбековНа стадионе имени Долона Омурзакова во время матча между кыргызстанцами и бангладешцами было сделано предложение руки и сердца. На восточной трибуне претендент на роль будущего мужа Жибек развернул огромный плакат с надписью "Жибек! Ты выйдешь за меня?". Жибек согласилась выйти замуж.
Футбол көрүүчүлөрү Жибек деп кыйкырышкан. Андан соң жигит кызына кучак толо гүл берип, колун сураган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Футбол көрүүчүлөрү "Жибек" деп кыйкырышкан. Андан соң жигит кызына кучак толо гүл берип, колун сураган
1/3
Жибек кабарчынын "сунушту кабыл алдыңызбы?" деген суроосуна күлүп, "ойлонуп көрөм" деп жооп берген
2/3
Кыргызстан менен Бангладеш футболдук мелдеши учурунда чоң жазуусу бар плакатты
3/3
Футбол көрүүчүлөрү "Жибек" деп кыйкырышкан. Андан соң жигит кызына кучак толо гүл берип, колун сураган

Белгилей кетсек, беттештин биринчи таймы аяктаган соң трибунанын чыгыш тарабында Азамат "Жибек, мага турмушка чыгасыңбы?" деген чоң жазуусу бар плакатты жайган. Футбол көрүүчүлөрү "Жибек" деп кыйкырышкан. Андан соң жигит кызына кучак толо гүл берип, колун сураган.

Бүгүнкү Кыргызстан менен Бангладештин ортосундагы жолдоштук беттеште кыргызстандык футболчулар 4:1 эсеби менен жеңип, "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдешинин жеңүүчүсү аталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0