Түркия Кыргызстанга коронавируска каршы 150 миң доза вакцина берет

© AFP / YOSHIKAZU TSUNOМедициналык кызматкер COVID-19га каршы вакциналары менен. Архив
Медициналык кызматкер COVID-19га каршы вакциналары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолуккан. Анда тараптар кыргыз-түрк мамлекеттик ооруканасынын башкаруу маселеси тууралуу сүйлөшкөн.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Түркия Кыргызстанга грант түрүндө коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасын берет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган менен жолуккан. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк мамлекеттик ооруканасынын башкаруу маселеси тууралуу сүйлөшкөн. Мындан сырткары, элчи Түркия Кыргызстанга вакцина берерин белгилеген.

"Түркиянын өкмөтү коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө Кыргызстанга опол тоодой жардам көрсөтүүдө. Заманбап жабдуулар менен жабдылган мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасы иштей баштады. Ушунун аркасында көптөгөн жарандарыбыз чет өлкөгө чыкпай дарыланууга мүмкүнчүлүк алышат деген үмүттөбүз. Ал эми Түркиянын иммунизациялоо үчүн вакцина берүү чечими биз үчүн жакшы жаңылык болду. Боордош түрк элине ыраазычылык билдиребиз. Вакцинанын ар бир дозасы бир адамдын өмүрүн сактап калат", — деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, кыргыз-түрк мамлекеттик ооруканасы 26-августта расмий ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0