10 жыл иштеген мугалимдерге 1 млн. сом сый акы берүү сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековМугалим мектепте сабак учурунда. Архив
Мугалим мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Мугалимдин макамы жөнүндө" мыйзам долбоорун депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстанда мугалимдерди эмгеги үчүн акчалай сыйлоо сунушталып жатат.

"Мугалимдин макамы жөнүндө" мыйзам долбоорун депутаттар Абдывахап Нурбаев менен Жанар Акаев демилгелеп, коомдук талкууга чыгарды.

Мисалы, Олимпиадада жеңүүчү болгон окуучуну даярдаган мугалимге үч айлык окладын сыйлык катары берүү сунушталууда.

Республиканская детская инженерно-техническая академии Алтын түйүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Кыргызстандык окуучулар мектепте бет кап тагынышы керекпи? Расмий жооп
Мындан тышкары, жалпы билим берүү уюмдарында 10 жылдан кем эмес иштеген мугалимге бир жолу төлөнүүчү 10 000 эсептик көрсөткүч (1 миллион сом) боюнча сый акы берүү маселеси каралган. Анын тартиби министрлер кабинетинин чечими менен аныкталат.

Мыйзам долбоорунун максаты — жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген мугалимдердин ишмердүүлүгүнө шыктандыруу жана социалдык-финансылык жактан колдоо болуп саналат.

Документтин толук версиясы менен Жогорку Кеңештин сайтынан таанышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0