Бишкекте 92 млн. сомдук жер тилкеси курулушу менен мамлекетке кайтарылды

© Sputnik / Акылбек БатырбековАрча-Бешик жаңы конушу. Архив
Арча-Бешик жаңы конушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Соттун чечими менен Бишкектин түштүк тарабында 0,54 гектар жерге курулган кыймылсыз мүлк мамлекеттин балансына алынды.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Бишкектин Арча-Бешик конушундагы жалпы баасы 92 миллион 509 миң 500 сомду түзгөн 0,54 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Ленин райондук прокуратурасы Масалиев көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан (Түштүк магистраль) жер тилкелери менчикке мыйзамсыз берилгенин аныктаган.

"Ленин райондук администрациясынын кызмат адамдары 2005-жылы жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен "кызыл сызыктардан" тышкары турган жана калктуу конуштардын жалпы пайдалануусундагы жерлерди 10 тилкеге бөлүп, турак үй куруу үчүн жеке жактарга берип салышкан. Прокуратура жер тилкелерге берилген тийиштүү документтерди жокко чыгаруу үчүн сотко арыз берген. Натыйжада сот тарабынан арыз толук канааттандырылды", — деп айтылат маалыматта.

0,54 гектар жерге курулган кыймылсыз мүлк мамлекеттин балансына алынганы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0