Шаршембиге карата аба ырайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарындагы парктагы көгүчкөн. Архив
Ош шаарындагы парктагы көгүчкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
8-сентябрда өлкөнүн дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Таласта +26…+31, Ысык-Көл өрөөнүндө +24…+29, Нарын аймагында +25…+30 градус болот.

Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +32…+34 градуска жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0