Ысык-Көлгө агылган пакистандыктар. ТИМ себебин түшүндүрдү

© AFP / ASIF HASSANПакистан жарандары. Архив
Пакистан жарандары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Тышкы иштер министринин орун басарынын айтымында, ушул жылдын 1-январынан 1-сентябрына чейин Пакистандын 9 917 жаранына виза жасалган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Пакистандын жарандарын туристтик фирмалар өздөрү тосуп алып, өздөрү ташыйт. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев билдирди.

Бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитети "Манас" эл аралык аэропорту" ишканасынын иши боюнча маселени карады. Жыйындын жүрүшүндө депутат Бейшеналы Нурдинов ЖМКлар Ысык-Көлдө пакистандыктар көп жүргөнүн жазып жатканын айткан. Ал чет өлкөнүн жарандары обсервацияга келсе, эмнеге ал жакта жатпай жатканын сураган. Ошондой эле эгер Пакистандын жарандары мыйзамга туура келбеген нерселерди жасап же жергиликтүү тургундар тарабынан сабалса ким жооп берерине да кызыккан.

"Булар Пакистандан келген туристтер. Өзүңүздөр билгендей, алар электрондук виза алышат. Анкета толтургандан кийин беш күндүн ичинде бул маалыматты УКМК текшерип, андан кийин виза берүүгө уруксат берет же баш тартат. УКМКнын уруксатынан кийин аны ТИМдин Консулдук кызмат департаменти тастыктама берет", — деди Артыкбаев.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-январынан 1-сентябрына чейин Пакистандын 9 917 жаранына виза жасалган. Булардын бардыгы бир айга бир жолу колдонуучу туристтик виза алышкан.

Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Индия менен Пакистандын жарандарына виза берүүдөгү айрым функциялар токтотулду
"Виза бир айга берилгенде ал каттоого алынбайт. Чек ара кызматы өлкөгө кирип, чыгарда мөөр басат. Туристтик компаниялар өздөрү уюштуруп, аларды аэропорттон тосуп алып, автобус менен мейманканага жайгаштырат. Аларды коштоп жүрөт. Бул бизде болгон маалыматтар", — деди министрдин орун басары.

Ал Пакистан менен Индиянын жарандарына виза берүү токтотулганын кошумчалады.

Артыкбаев туристтердин келиши менен өлкөдө эпидкырдаал өзгөрбөгөнүн билдирип, андагы маалыматтар боюнча туристтер катышкан чыр-чатак катталбаганын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0