Бир суткада 100 кишиден коронавирус аныкталып, 3 бейтап көз жумду

© Sputnik / Антон Вергун / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгерлер. Архив
Ооруканадагы дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
Ош шаарында коронавирус жуктургандар катталган эмес. Бишкек шаарында бир суткада 40 адамдан вирус табылган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча 100 кишиден коронавирус табылып, 121 бейтап сакайды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 40;
  • Чүй облусу – 26;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 19;
  • Жалал-Абад облусу – 3;
  • Баткен облусу – 4.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 176 682ге жетти. Анын ичинен 170 745 адам ооруну жеңген.

Илдет акыркы суткада үч адамдын өмүрүн алып, көз жумгандардын саны 2 557ге жетти.

Азыркы тапта стационарда 788, ал эми амбулатордук шартта 1 139 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0