Ар бир кадам өмүрдү узартат! Адис жөө басуунун пайдасын айтты

© Sputnik / Виталий АньковСейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Жазылуу
11 жылга созулган иликтөөнүн негизинде күн сайын 7 миң кадамдын тегерегинде баскан адамда эрте өлүп калуу тобокелдиги 50-70 пайызга азаяры аныкталган.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Адам канчалык көп басса, ошончолук ден соолугу жакшырып, жашоосу узарат. Бул тууралуу Массачусетс университетинин (АКШ) доценти, кинезиолог Аманда Палучка шилтеме берип Medical Express басылмасы жазды.

11 жылга созулган иликтөөнүн негизинде күн сайын 7 миң кадамдын тегерегинде баскан адамда эрте өлүп калуу тобокелдиги 50-70 пайызга азаяры аныкталган.

"Албетте, бүгүнкүдөй кымгуут жашоодо бул нерсеге жетүү татаал. Бирок күнүнө 7 миңге чукул кадам жасаган адамдын ден соолугу жакшырып, ар кандай ооруларды алдын алууга болору такталды", — деди адис.

Ал эми Нью-Йорк штатындагы Sandra Atlas Bass Heart ооруканасынын дарыгери Гай Минц жөө басуу жүрөк-кан тамыр ооруларын, кант диабетин алдын алып, кан басымды жакшырта турганын айтат. Ошондой эле көп баскан адам ашыкча салмактан арылып, холестериндин деңгээли төмөндөйт.

Киши шабдалылар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Күзүндө ден соолукту чыңдоо үчүн кайсы тамак-ашты жеш керек
"Күн сайын чуркоо, машыгуу залына баруу же үйгө атайын спорттук шаймандарды сатып алуу мүмкүнчүлүгү баарында эле боло бербейт. Андыктан жөө басуу — ден соолукту сактоонун эң жеңил жана жөнөкөй жолу", — деди Минц.

Ошондой эле адистер ар бир смартфондо кадамды санап бере турган тиркемелер бар экенин эске салып, аларды күн сайын пайдаланууну сунуштады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0