Жапаров: диний билимдин сапатын жогорулатуу үчүн Ислам академиясын куруу пландалууда

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев менен жолугушуу учурунда
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Президент коркунучтарды алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына токтолгон.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с муфтием Кыргызстана Замиром каары Ракиевым. 06 сентября 2021 года
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
1/3
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время встречи с муфтием Кыргызстана Замиром каары Ракиевым. 06 сентября 2021 года
Жапаров коркунучтарды алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына токтолгон - Sputnik Кыргызстан
2/3
Жапаров коркунучтарды алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына токтолгон
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМуфитий Замир каары Ракиев на встрече с президентом Кыргызстана Садыром Жапаровым. 06 сентября 2021 года
Өлкө башчынын айтымында, Бириккен Араб Эмираттарынын Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян фондунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору быйыл колго алынды. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Өлкө башчынын айтымында, Бириккен Араб Эмираттарынын "Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян" фондунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору быйыл колго алынды.
1/3
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиевди кабыл алды
2/3
Жапаров коркунучтарды алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына токтолгон
3/3
Өлкө башчынын айтымында, Бириккен Араб Эмираттарынын "Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян" фондунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору быйыл колго алынды.

Жапаров коркунучтарды алдын алуу үчүн диний билим берүүнүн сапатын жакшыртып, жогорку билимдүү кадрларды даярдоо зарылдыгына токтолгон. Өлкө башчынын айтымында, Бириккен Араб Эмираттарынын "Шейх Заед бин Султан Аль Нахаян" фондунун колдоосу менен Токмок шаарында Ислам академиясын куруу долбоору быйыл колго алынды.

"Туура эмес диний чечмелөөгө жол берилбеши үчүн идеологиялык коопсуздукту күчөтүү керек. Кылымдардан бери бабаларыбыз карманып келген салттуу ханафий мазхабы элибиздин үрп-адатына каршы келген эмес. Буга байланыштуу менин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" биринчи жарлыгым чыккан. Ушул документтин негизинде Концепция иштелип чыкты", — деди президент.

Садыр Жапаров Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өлкөдө диндер жана улуттар аралык тынчтыкты сактоодогу ролу чоң экенин кошумчалаган.

Талас шаарында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча жыйын болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Таласта диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча жыйын өттү. Сүрөт
Ал эми муфтий Замир каары Ракиев президенттин диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу тууралуу пикирин колдогон. Анткени дал ушул сабатсыз пропагандисттердин айынан карапайым калк исламда болбогон, бурмаланган же туура эмес идеяларды өздөрүнө сиңирип алууда.

Замир кары Ракиев экстремизмге каршы турууга, конфессиялар ортосунда тынчтыкты жана ынтымакты сактоого, этникалык жана диний араздашууга жол бербөөгө салым кошо турган Ислам академиясын куруу маанилүү экенин белгилеген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0