Өлкөдө 109 кишиден коронавирус табылып, 4 бейтап көз жумду. Соңку статистика

© AP Photo / Tatan SyuflanaМедициналык кызматкер оорукананын коридорунда бара жатат
Медициналык кызматкер оорукананын коридорунда бара жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Сутка ичинде Ош облусунда коронавирус аныкталган учур катталган эмес. Азыркы тапта ооруканаларда 845 бейтап дарыланууда.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада 109 кишиден коронавирус табылып, 101 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 36;
  • Ош шаары – 1;
  • Чүй облусу – 31;
  • Талас облусу – 2;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 29;
  • Жалал-Абад облусу – 5;
  • Баткен облусу – 1.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 176 582ге жетти. Анын ичинен 170 624 киши дартты жеңген.

Тилекке каршы, бир сутка ичинде төрт бейтап коронавирустун курмандыгы болду. Жалпысынан 2 554 адам оорудан көз жумду.

Азыркы тапта стационарда 845, ал эми амбулатордук шартта 1 109 адам дарыланып жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0