Күзүндө ден соолукту чыңдоо үчүн кайсы тамак-ашты жеш керек

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКиши шабдалылар менен. Архив
Киши шабдалылар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Диетологдор күз мезгилинде ден соолукту чыңдап, иммунитетти бекемдөө үчүн кайсы тамактар пайдалуу экенин айтып беришти.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Күз мезгилинде цитрус жемиштерин, жаңгактын түрүн жана балыкты көбүрөөк жегенге аракет кылуу керек. Дал ушул азыктар маанайды көтөрүп, кеч күздөгү стресстик абалдан сактайт. Бул тууралуу диетолог жана нутрициолог Ирина Писарева RT сайтына билдирди.

"Күзгүсүн жашылча-жемиш көбүрөөк кошулган шорпо ичкен туура. Мисалы, пияз, капуста, сарымсак, ашкабак, кызылчада витаминдер өтө көп болот. Бул жашылчалардан кайнатылган шорпо организмге жылуулук берип, суук тийип калуудан сактайт", — деди дарыгер.

Ал эми Россия диетологдорунун улуттук ассоциациясынын өкүлү Наталья Круглованын айтымында, жемиштерден алма, өрүк жана шабдалыдан өтөрү жок.

Занятия Московского долголетия возобновились в парках - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Буттун дароо шишип кетүүсү кандай оорудан кабар берет? Медиктин жообу
"Күз мезгилинде адамдардын көбү депрессиялык абалда болгондуктан өз маанайын көтөрүү үчүн таттууларды жей баштайт. Бул ашыкча салмактын пайда болушуна алып келет. Андыктан алма, өрүк жана шабдалы жегенге аракет кылгыла. Бадыраң менен болгар калемпири дагы пайдалуу. Булар иммунитетти көтөрүп, инфекциялык оорулардан сактайт", — деди диетолог.

Буга чейин Sputnik күздө иммунитетке кантип кам көрүү керектиги боюнча эндокринологдун кеңешин дагы жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0