Коронавируска 126 киши кабылып, 4 бейтап көз жумду. Жаңы статистика

© AFP / LILLIAN SUWANRUMPHAОорукананын кызматкерлери COVID-19дан каза болгондордун сөөгүн алып чыгып жатышат. Архив
Оорукананын кызматкерлери COVID-19дан каза болгондордун сөөгүн алып чыгып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2021
Жазылуу
Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 9 412 адам өттү, анын ичинен 3 344ү биринчи дозаны, 6 068 адам экинчисин алган.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID 126 адамга жугуп, оору беш кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Коронавирус төмөнкү аймактардан чыккан:

  • Бишкек шаары – 46;
  • Чүй облусу – 25;
  • Талас облусу – 10;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 38;
  • Жалал-Абад облусу – 4;
  • Баткен облусу – 1.

Бардыгын кошкондо Кыргызстанда COVID менен ооругандардын жалпы саны 176 473 адамга жетти.

Республиканская детская инженерно-техническая академии Алтын түйүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Кыргызстандык окуучулар мектепте бет кап тагынышы керекпи? Расмий жооп
Ал эми бир суткада 127 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бирок ооруп жаткандардын ичинен төрт бейтап каза болуп калды. Аталган вирустан көз жумгандардын саны республика боюнча 2 550 болду.

Бүгүнкү күндө стационарда 875 жана амбулатордук түрдө 1 072 адам дарыланып жатат.

Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 9 412 адам өттү, анын ичинен 3 344ү биринчи дозаны, 6 068и экинчисин алган. Жалпысынан эмдөөнүн биринчи дозасын 700 024, экинчисин 479 040 киши алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0