Бали! Кыргызстандык YouTube канал “Бриллиант баскычка” ээ болду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПриложение YouTube
Приложение YouTube - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.09.2021
Жазылуу
Аткаруучулардын квартети (Чача, Бум-Бум, Чики, Ля-Ля) орус, англис, испан жана башка тилдерде балдар контентин жасашат.

БИШКЕК, 4-сен. – Sputnik. Кыргызстандык артисттердин D Billions YouTube каналы “Бриллиант баскычка” ээ болду.

Мындай сыйлык каналында 10 миллион катталуучусу барларга берилет. Аткаруучулардын квартети (Чача, Бум-Бум, Чики, Ля-Ля) орус, англис, испан жана башка тилдерде балдар контентин жасашат. Учурда каналдын 12 миллиондон ашык катталуучусу бар. Ал эми каналдагы видеолордун бардыгын эсептегенде 10 миллиард жолу көрүлгөн. Ал эми эки роликтин ар бири миллиард көрүүчү топтогон. 

Кыргызстандык ырчылар Аско менен Жонни каналдагы роликтердин аткаруучулары болуп эсептелет.

Аско Instagram баракчасына команданын жетишкендиги менен бөлүшүп, “Бриллиант баскычтын” сүрөтүн көрсөттү.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ☆☆☆АСКО☆☆☆ (@asko_anarkulove)

“Бул тарых, бул жеңиш! Командам менен сыймыктанам. Баарыбызды куттуктайм”, — деди ал.

Канал 2019-жылдын 27-июлунда катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0