13:14 18 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.4062
  • RUB1.1904
Коом
Кыскача шилтеме алуу
57220

Кыргызстандык танкачылар экинчи дивизиондун чемпиону болушту. Келерки жылы алар биринчи дивизионго өтүп, мыктылар менен ат салышат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. "Патриот" аймагындагы Армения эл аралык оюндарынын музейинде Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жеңүүчүлөрү менен байгелүү орун ээлерин сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргонуу министрлиги кабарлады.

  • Награждение кыргызстанцев победителей второго дивизиона Танкового биатлона в музее Армейских международных игр на территории парка Патриот в Алабино
    "Патриот" аймагындагы Армения эл аралык оюндарынын музейинде Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жеңүүчүлөрү менен байгелүү орун ээлерин сыйлоо аземи өттү.
    © Фото / Пресс-служба Министерства обороны КР

    Кечээ, 3-августта, кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундда жыйынтыктап чемпион аталды.
    © Фото / Пресс-служба Министерства обороны КР
  • Награждение кыргызстанцев победителей второго дивизиона Танкового биатлона в музее Армейских международных игр на территории парка Патриот в Алабино
    Келерки жылы Кыргызстан эң күчтүү командалар топтолгон биринчи дивизиондо ат салышмакчы. Экинчи дивизиондун жеңүүчүлөрүнө кубокту РФтин Кургактагы аскерлеринин колбашчысы Олег Салюков тапшырды.
    © Фото / Пресс-служба Министерства обороны КР
1 / 3
© Фото / Пресс-служба Министерства обороны КР
"Патриот" аймагындагы Армения эл аралык оюндарынын музейинде Танк биатлонунун экинчи дивизионунун жеңүүчүлөрү менен байгелүү орун ээлерин сыйлоо аземи өттү.

Кечээ, 3-августта, кыргызстандык танкачылар финалдык эстафетаны 2 саат 16 мүнөт 51 секундда жыйынтыктап чемпион аталды. Экинчи орунду Тажикстан (2:20:03), үчүнчүнү Мьянма (2:28:05), төртүнчүнү Түштүк Осетия (2:29:06) алды.

Келерки жылы Кыргызстан эң күчтүү командалар топтолгон биринчи дивизиондо ат салышмакчы. Экинчи дивизиондун жеңүүчүлөрүнө кубокту РФтин Кургактагы аскерлеринин колбашчысы Олег Салюков тапшырды.

Бүгүн биринчи дивизиондун финалдык эстафетасы өтөт. Башкы кубок үчүн Азербайжан, Кытай, Казакстан жана Россия ат салышат.

Тема боюнча

Кыргызстандыктар "Танк биатлонунда" Тажикстан аскерлерин утуп алды. Видео
Кыргызстан чемпион болгон "Танк биатлонундагы" өзгөчө ирмемдер. Видео
Белгилер:
танк, танк биатлону, эстафета, биринчилик, мелдеш

ЭҢ МААНИЛҮҮ