13:10 04 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7946
  • EUR95.7543
  • RUB1.1499
Коом
Кыскача шилтеме алуу
217 0 0

Бишкек шаарынын Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 36 жыл мурда ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүч ремонттолот.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. 7-сентябрдан 10-сентябрга чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" мекемесинен билдирди.

Буга эски газ өткөргүчтөн чыккан газды токтотуу иштери себеп болууда.

"Бишкек шаарынын Сухомлинов жана Табалдиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, 1985-жылы ишке берилген жер алдындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө газдын чыгуусун токтотуу иштери өткөрүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга байланыштуу төмөнкү жерлерде газ болбойт:

  • Төмөнкү Жал кичи району;
  • Тынчтык проспектиси, Пожарский тар көчөсү, Садырбаев, Гагарин, Медеров, Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр, Ажыбек баатыр көчөлөрүнүн аймагында;
  • "Жылуулукэнергоремонт" буу казандарында.

"Газпром Кыргызстан" компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Тема боюнча

ТЭЦ-2ни реабилитациялоо пландалууда. Жапаров объектини өзү көрүп келди
Белгилер:
Бишкек, газ, оңдоо

ЭҢ МААНИЛҮҮ