Бишкекке жаңы биринчи вице-мэр дайындалды

© Sputnik / Дильноза АлымоваБишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов. Архив
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Буга чейин борбор калаанын жаңы мэри биринчи орун басарын иштен алып, аким кылып дайындаган. Вице-мэрдин ордуна жаңы кызматкер дайындалды.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

© пресс-служба мэрии города БишкекМаксатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды
Бишкекке жаңы биринчи вице-мэр дайындалды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды

Тийиштүү буйрукка калаа мэри Айбек Жунушалиев кол койду. Сазыкулов турак жай-коммуналдык чарба тармагын карайт.

Сазыкулов 2021-жылдын июнь айынан тарта шаардын вице-мэрлик кызматын аркалап, экономика жана финансы маселелерин карап келген. Буга чейин президенттин жана өкмөттүн аппараттарында ар кайсы кызматтарды ээлеген. Мэрияга келгенге чейин Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун Уюштурууну өнүктүрүү департаментин жетектеп турган.

Мэрдин буга чейинки биринчи орун басары Жамалбек Ырсалиев кызматынан бошотулуп, Биринчи май районунун акими болуп дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0