Бишкектин камакта отурган вице-мэри кызматынан бошотулду

© Фото / Улугбек ШамбетовБишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу. Архив
Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Сагындык уулу 23-июль күнү кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алган деп кармалган.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Мындай буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду. Сагындык уулу шаар куруу, архитектура жана жер маселелери боюнча мэрдин орун басары болчу.

Эске салсак, мурдагы вице-мэр УКМК СИЗОсуна 27-сентябрга чейин камакка алынган.

Кыргыз темир жолу ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Дашков көчөдө отурган видео: УКМК СИЗОсунун жетекчиси кызматтан алынды
Сагындык уулу 23-июль күнү кафе кожоюнунан аталган жайды түрттүртүп салбаш үчүн 9 миң доллар пара алды деп кармаган.

Атайын кызмат билдиргендей, М. А. аттуу кызматкер Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүн реконструкциялоо долбоорун өзгөртүү үчүн кафенин ээсинен 9 000 доллар пара алган. Ал үчүн Кытайдан алынган грантка оңдолуп жаткан жолдун чекесиндеги кафени ордунда калтырууну макулдашкан. Бул боюнча далилдүү фактылар алынгандан кийин 23-июлда мэриянын кызматкери кармалган. Ал кафе ээсине 6 миң долларды кайтарып берип жатканда колго түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0