Эми электрондук патентти смартфон аркылуу алса болот

© AFP / ISSOUF SANOGOТелефон кармап турган адам. Архив
Телефон кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Ушул тапта патентти MegaPay мобилдик капчыгы аркылуу алууга болот. Бирок жакынкы келечекте башка дагы тиркемелер пайда болмокчу.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Мындан ары электрондук патентке смартфон аркылуу буюртма берип, акысын ошол эле жерден төлөөгө жол ачылды. Маалыматты Мамлекеттик салык кызматы таратты.

Бул нерсе салык процедураларын санариптештирүү боюнча "Смарт салым" долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Ушул тапта патентти MegaPay мобилдик капчыгы аркылуу алууга болот. Бирок жакынкы келечекте башка дагы тиркемелер пайда болмокчу.

Реквизиттер менен төлөмдүн суммасын сервис автоматтык түрдө даярдап берет. Жаран болгону транзакцияны тастыкташы керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0