Октябрь окуясында көз жумган Үмүтбектин бүлөсүнө үй берүүнү Жапаров көзөмөлдөйт

© Sputnik / Табылды КадырбековГибель 19-летнего Умутбека Алтынбек уулу во время беспорядков в Бишкеке
Гибель 19-летнего Умутбека Алтынбек уулу во время беспорядков в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Бул боюнча тапшырманы өлкө башчысы Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эле берген. Айрым себептерден улам кечигип жатканы айтылды.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Октябрь окуясында көз жумган Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсүнө жакынкы күндөрү Бишкектен батир берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган тапшырманы өлкө башчысы Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында эле берген. Бирок баш калаанын айрым чиновниктеринин жоопкерчиликсиз мамилесинен улам убада өз убагында аткарылган эмес.

"Бул маселе мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө турат. Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жакынкы күндөрү Бишкектен батир бөлүнүп берилет", — деген ал.

19 жаштагы Үмүтбек 2020-жылдын октябрында Ак үй алдындагы элдик толкундоолордо милиция менен митингчилердин кагылышуусунан каза болуп, 8-октябрда туулуп-өскөн кичи мекенинде жерге берилген.

Үмүтбек Алтынбек уулу 2001-жылы Лейлек районунун Кара-Булак айылында туулган. Ал Бишкекте кесиптик орто окуу жайды бүтүрүп, тигүүчүлүк кесипке ээ болуп иштеп жаткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0