COVID: соңку суткада айыккандардан ооругандар көп чыгып, 5 киши көз жумду

© Sputnik / Кирилл БрагаЛечение больных с Covid-19 в больнице скорой помощи в Волгограде
Лечение больных с Covid-19 в больнице скорой помощи в Волгограде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Коронавирус республиканын башка аймактарына салыштырмалуу Бишкек шаары менен Ысык-Көл жана Чүй облустарында көп чыккан.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID 175 адамга жугуп, оору менен алышып жаткандардын ичинен беш бейтап каза тапты. Бул туурасында Республикалык штабдан кабарлашты.

Коронавирус төмөнкү аймактардан чыккан:

  • Бишкек – 85;
  • Чүй облусу – 31;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 32;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 10.

Кечээки сандарды кошкондо Кыргызстанда COVID менен ооругандардын жалпы саны 176 193 адамга жетти.

Ал эми бир суткада айыгып чыккандардын саны 92 адамды түзгөн.

Тилекке каршы, оору адам өмүрүнө да зыян келтирген.

"Акыркы суткада коронавирустан өлкө боюнча беш бейтап каза тапты", — деп билдиришти штабдан.

Аталган вирустан көз жумгандардын саны республика боюнча 2 541 адамга жетти.

Бүгүнкү күндө стационарда 960 жана амбулатордук түрдө 979 адам дарыланып жатат.

Кечээ, 2-сентябрда, 12 601 адам вакцина алган, ал эми Кыргызстан боюнча коронавируска каршы эмделгендердин саны 690 997ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0