Дерматолог: териге кам көрүү каражаттарын алмаштырып турган жакшы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКүзгүгө каранып жаткан кыз. Архив
Күзгүгө каранып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2021
Жазылуу
Медик тониктен тарта бет майга чейин бир фирманын, тагыраагы, бир линиянын каражатын колдонуу зарылдыгын айткан.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Денеге, бетке кам көрүү каражаттарын үч ай сайын алмаштырып турган жакшы. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин косметология жана дерматология боюнча штаттан тышкаркы башкы адиси Наталья Махнева билдиргенин "Известия" басылмасы жазды.

Адис ага чейин колдонуп жүргөн эски каражаттарды ыргытпай эле коюуну сунуштап, болгону алардан тери бир аз эс алышы керектигин белгилеген.

"Колдонуп жүргөн косметикаңыз башында жакшы болсо, ал аягына чейин ошондой жакшы жыйынтык берет дегенди түшүндүрбөйт. Андыктан сүйүктүү линияңыздын денеге же бетке кам көргөн каражаттарынан маал-маалы менен терини эс алдырып туруш керек. Антпесе айрым учурда ал аллергиялык реакция бериши ыктымал. Кийинчерээк кайра эле ошол фирманын косметикасын колдоно берсеңиз болот", — деген косметолог.

Адис тониктен тарта бет майга чейин бир фирманын, тагыраагы, бир линиянын каражатын колдонуу зарылдыгын айткан.

Эгер дарылоо косметикасын колдоно турган болсоңуз, анда сөзсүз адистен кеңеш алуу керектиги кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0