06:53 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Коом
Кыскача шилтеме алуу
346 0 0

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6 248 сом болот.  Бул пенсиянын орточо көлөмүнөн 8 пайызга  жогору же 455 сомго көп дегенди түшүндүрөт.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, Жапаров министрлер кабинетине "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга таянып, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө 2021-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жүргүзүүнү тапшырды.

Эске салсак, мамлекет башчы 31-августта "Ала-Тоо" аянтында ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болорун белгилеген. 

"Социалдык фонддун алдын ала жүргүзгөн эсептөөлөрү боюнча, пенсионерлердин саны 2021-жылдын 1-октябрына карата 715,5 миң адамды түзөт. Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына ылайык, орточо эмгек акы 2020-жылы 18 940 сомду түзгөн. Эмгек акы 2019-жылдагы орточо эмгек акыга салыштырмалуу 110 пайызга өскөн. Мындан улам пенсиянын базалык бөлүгүн 2020-жылдагы орточо эмгек акынын өсүшүнө 110 пайызга  индексациялоо сунушталууда. Ошол эле учурда  эгерде пенсиянын жалпы суммасы өткөн жылдагы пенсионердин жашоо минимумунун көлөмүнөн төмөн болсо индексацияланат", — деп айтылат маалыматта.

Пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6 248 сом болот.  Бул пенсиянын орточо көлөмүнөн 8 пайызга  жогору же 455 сомго көп дегенди түшүндүрөт.

Пенсиянын базалык бөлүгүн индексациялоо үчүн республикалык бюджеттен 154,3 миллион сом, ал эми камсыздандыруу бөлүктөрүн жогорулатууга пенсиялык фонддун эсебинен 830,6 миллион сом керектеле турганы кошумчаланды.

Тема боюнча

Жапаров чакан жана орто ишкердик субъектилерге колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол койду
Садыр Жапаров жөлөк пулдардын көлөмүн көбөйттү. Ким канча алат?
Белгилер:
Садыр Жапаров, жарлык, пенсия

ЭҢ МААНИЛҮҮ