Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЖаан учурунда мектеп окуучусу
Жаан учурунда мектеп окуучусу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
3-сентябрда республика аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жума күнү кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүйдө +29…+34, Талас өрөөнүндө +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30…+35, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +22…+27 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +31…+33, Ош шаарында +33…+35 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0