Троллейбуста чыккан өрт: Бишкек мэриясы түшүндүрмө берди

© Sputnik / Эмиль СадыровДеятельность мэрии Бишкека
Деятельность мэрии Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Маалыматка караганда, электр зымы менен троллейбустун зымы бириккен жерде байланыш начар болуп калгандыктан, транспорттун токтотууга жардам берчү контактору түтөп кеткен.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө троллейбустун түтөп кетиши боюнча мэрия түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, электр зымы менен троллейбустун зымы бириккен жерде байланыш начар болуп калгандыктан, транспорттун токтотууга жардам берчү контактору түтөп кеткен.

"Буга айрым тетиктердин эскилиги жеткени себеп болгон. Түтүн айдоочунун кабинасы тараптан чыккан. Айдоочу сыртка чыга калып, өрт чыгып кетпеш үчүн зымдарды линиядан ажыраткан. Жабыркагандар болгон жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 2-сентябрь күнү эртең менен Бишкектин Байтик баатыр көчөсүндө троллейбустан өрт чыкканы тууралуу маалымат тараган. Күбөлөр айдоочу троллейбустун терезесинен чыкканын айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0