COVID-19: Бишкектеги коомдук транспорттордо санитардык көзөмөл күчөтүлдү

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКызматкер коомдук транспорт салонун дезинфекциялоо учурунда. Архив
Кызматкер коомдук транспорт салонун дезинфекциялоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Рейд Бишкек шаарынын эл көп келген алты аялдамасында жүргүзүлдү. Мындай иш-чара аптасына эки жолу болуп турмакчы.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Бишкектеги коомдук транспорттордогу санитардык эрежелердин сакталышы тыкыр көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жаңы окуу жылы башталганына байланыштуу Бишкек троллейбус башкармалыгынын мобилдик тобу санитардык көзөмөлдү күчөттү. Рейд Бишкек шаарынын эл көп келген алты аялдамасында жүргүзүлдү.

Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Коронавирус: 1000ге чукул адам ооруканада, 4 бейтап көз жумду
Кызматкерлер жүргүнчүлөргө коомдук транспортто бет кап кийүү жана социалдык аралыкты сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары, алар троллейбустардын салонунун тазалыгын, айдоочуларды, колду тазалоочу санитайзерлердин абалын көзөмөлгө алышат.

Шаардагы 127 троллейбус текшерүүдөн өттү.

Рейд аптасына эки жолу аткарылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0