Чүйдө психикалык жактан жабыркаган эки эркек киши изделип жатат. Сүрөт

© AFP / HECTOR RETAMALКиши паркта сейилдеп жүрөт. Архив
Киши паркта сейилдеп жүрөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Дайынсыз болуп жаткандардын бири 29-июнда, экинчиси 21-августта жоголгон. Бүгүнкүгө чейин алардын жүргөн жери аныктала элек.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Чүй облусунда эки эркек киши изделип жатат. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиПропавший 24-летний Иван Литвинов в Чуйской области. 02 сентября 2021 года
24 жаштагы Иван Литвинов - Sputnik Кыргызстан
1/2
24 жаштагы Иван Литвинов
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиПропавший 33-летний Негматулла Фохаков в Чуйской области. 02 сентября 2021 года
33 жаштагы Негматулла Фохаков - Sputnik Кыргызстан
2/2
33 жаштагы Негматулла Фохаков
1/2
24 жаштагы Иван Литвинов
2/2
33 жаштагы Негматулла Фохаков

24 жаштагы Иван Литвинов 29-июнда жоголгон. Ал Москва районундагы социалдык айыл аймагынан чыгып кетип кайра келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто бойлуу, көк көз, чачы кыска, сары, кашы калың, делдең кулак. Үстүнө ак футболка, көк түстөгү спорт шымын, бутуна көк тапичке кийип жүргөн. Сакал коюп жүрүшү мүмкүн, психикалык жактан жабыркайт.

33 жаштагы Негматулла Фохаков 21-август күнү Беловодское айылындагы үйүнөн чыгып кеткен, ошол бойдон дагы деле дайынсыз.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык чырай, чачы кыска, кара, сакал коюп жүрөт, кара тору. Үстүнө жашыл жеңдүү спорттук кара костюм, кара спорттук шым, кара кроссовка, башына боз түстөгү топу кийип жүргөн. Бетинин оң тарабында диаметри 2 сантиметрлик тырыгы бар. Психикалык жактан жабыркайт.

ОИИББ бул жарандарды көргөн билгендер болсо 0 (312) 43-01-27, 0 (312) 43-88-85, 0 (312) 60-77-27, 0 (3131) 5-21-31, 0 (707) 54-21-71, 0 (550) 22-17-17, 0 (701) 15-85-05, 0 (755) 15-85-05 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0