Сентябрда аба ырайы кандай болот? Күздүн алгачкы айына карата божомол

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүШаардык сквер. Архив
Шаардык сквер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Абанын айлык орточо температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө нормадан 1 градуска жогору боло турганы айтылды.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги сентябрь айына карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, күздүн алгачкы айында абанын айлык орточо температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө нормадан 1 градуска жогору, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо норманын чегинде болот.

© Фото / Кыргызгидромет Күздүн алгачкы айында абанын айлык орточо температурасы
Сентябрда аба ырайы кандай болот? Күздүн алгачкы айына карата божомол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Күздүн алгачкы айында абанын айлык орточо температурасы

Жаан-чачындын айлык көлөмү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Алай өрөөнүнүн чыгышында нормага жакын, Нарын облусунда, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Ысык-Көл облусунун чыгышында нормадан арбын болушу күтүлөт.

© Фото / Кыргызгидромет Жаан-чачындын айлык көлөмү
Сентябрда аба ырайы кандай болот? Күздүн алгачкы айына карата божомол - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жаан-чачындын айлык көлөмү

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп 18…20, Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо норманын чегинде туруп 11…13 градус жылуу болот. Ай ичинде күндүн табы түнкүсүн 5…10 — 14…19 градуска, күндүз 18…23 — 28…33 градуска көтөрүлөт.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектеринде түнкүсүн 7…12 градуска чейин жылып, кээ бир түндөрү 0…-2 градус суук болушу мүмкүн. Күндүзү 23…28 градуска чейин жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде нормадан жогору болору болжолдонду.

Талас облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 14…16 градус жылыйт.

Ай ичинде түнкүсүн 7…12 градустун тегерегинде, кээ бир түндөрү 1…6 градуска чейин төмөндөйт. Күндүз 16…21 — 25…30 градус жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.

Ош облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп 20…22, тоо этектеринде норманын чегинде сакталып 15…17 градус жылыйт.

Жайдын ысык күндө киши суу куюлуп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.08.2021
2021-жылдын июль айы тарыхта эң ысык ай болду
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 — 15…20 градус жылыса, күндүз 22…27 — 30…35 градус ысыйт.

Тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн 4…9 — 10…15, күндүз 16…21 — 25…30 градус жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде нормадан көп болушу күтүлөт.

Жалал-Абад

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп 19…21, тоо этектеринде норманын чегинде туруп 14…16 градус жылыйт.

Ай ичинде түнкүсүн 9…14 — 15…20 градус жылыса, күндүз 22…27ден 30…35 градуска чейин ысыйт.

Тоо этектериндеги аймактарда түнкүсүн 4…9 — 10…15, күндүз 16…21 — 25…30 градус жылыйт.

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 10…15, күндүз 16…21 — 25…30 градус жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде нормадан көп болот.

Баткен облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп 19…21, тоо этектериндеги райондордо нормага жакын сакталып, күндүн табы 14…16 градуста кармалып турат.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 — 15…20, күндүз 22…27 — 30…35 градуска чейин ысыйт.

Тоо этектеринде ай ичинде түнкүсүн 4…9 — 10…15, күндүз 16…21 —25…30 градуска жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, тоо этектеринде нормадан жогору болот.

Ысык-Көл облусу

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 13…15 градус жылыйт.

Түнкүсүн 2…7 — 9…14, күндүз 13…18 — 21…26 градус жылуу болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында нормадан арбын болушу күтүлөт.

Нарын облусу

Колун жууп жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Организмди суукка кантип даярдоо керек. Адистин түшүндүрмөсү
Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде туруп 12…14 градус жылыйт.

Ай ичинде түнкүсүн 1…6 — 7…12, кээ бир түндөрү 0…-2 градуска түшүп үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз 15…20 — 23…28 градус жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан көп болот.

Жайыттар зонасы

Алай өрөөнү

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде сакталып 5…7 градус болот.

Ай ичинде түнкүсүн 0…-5 — 1…6, күндүзү 8…13 — 16…21 градуска жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

Чаткал өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп 11…13 градус жылыйт.

Ай ичинде түнкүсүн -2…+3 — 2…7, күндүз 12…17 — 20…25 градус жылыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан ашат.

Суусамыр өрөөнү

Абанын орточо айлык температурасы климаттык норманын чегинде болуп 8…10 градус жылыйт.

Ай ичинде түнкүсүн 0…-5 — 1…6, күндүз 11…16 — 20…25 градус болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0