"Алтын түйүн" балдардын техникалык академиясы улуттук макамга ээ болду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРеспубликанская детская инженерно-техническая академии "Алтын түйүн"
Республиканская детская инженерно-техническая академии Алтын түйүн - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Академияга улуттук макам ыйгаруу жаш, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого түрткү берери айтылды.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Балдардын "Алтын түйүн" деп аталган республикалык инженердик-техникалык академиясына улуттук макам ыйгарылды. Бул туурасында президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда улуттук деген статус мектептен тышкаркы кошумча билим берүү жаатында өзгөчө сиңирген эмгеги, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо олуттуу салым кошкондугу үчүн берилгени айтылды.

Церемония закладки капсул в детском саду и школы в жилом массиве Ак-Ордо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
Ак-Ордо конушунда мектеп менен бала бакча салына баштады. Сүрөт
Мындан ары "Алтын түйүн" улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы деп аталат.

Эске салсак, 2021-жылы 12-майда мамлекет башчы Садыр Жапаров академияга барган учурда педагогикалык жамаат жана окуучулардын ата-энелери менен жолуккан. Алар мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырып, окуу жайды модернизациялоо боюнча бир катар сунуштарын айтышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында мекеменин педагогикалык инновацияларды кеңири жайылтуу потенциалын чыңдоо жана кошумча билим берүүнүн жаңы технологияларын топтоо максатында президент академияны каржылоону көбөйтүүнү тапшырган.

Академияга "улуттук" макамын ыйгаруу жаш, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого түрткү берери айтылды.

"Аны менен катар эле мамлекеттик органдар менен натыйжалуу өз ара иштешүүгө, алдыңкы катардагы чет элдик илим-изилдөө институттары, илимий-техникалык өнүгүү багытындагы университеттер менен кызматташууну жөнгө салууга мүмкүндүк берет", — деп айтылган маалыматта.

Мындан сырткары, министрлер кабинетинин тийиштүү чечимдеринен соң окуу жайдын негизги жана техникалык кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Ошондой эле Жапаров окуу жайга барган учурда берген тапшырмасы боюнча жакын арада спорттук аянтчалардын ачылышы күтүлөт.

Учурда академияда 1 800дөн ашуун окуучу онлайн жана офлайн режиминде окуйт. Алар робот техникасы жана алгоритмдер, техникалык моделдөө негиздери, информатика жана программалоо, инженерия, 3D моделдөө, компьютердик дизайн, ойлоп табуучулук маселелерин чечүү жана патенттөө, сүрөт тартуу, шахмат жана башка багыттарда окутулууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0