Коронавирус: 1000ге чукул адам ооруканада, 4 бейтап көз жумду

© AFP / ADITYA AJIМедициналык кызматкер ооруканада. Архив
Медициналык кызматкер ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.09.2021
Жазылуу
Акыркы маалымат боюнча, ушу тапта стационарларда 954 жана амбулатордук түрдө 910 адам дарыланып жатат.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Өткөн сутканын жыйынтыгы менен 142 адамдан коронавирус илдети аныкталып, 102 киши айыгып чыкканын Республикалык штаб кабарлады.

COVID-19дун жаңы учурлары:

  • Бишкек – 59;
  • Чүй облусу – 28;
  • Ош облусу – 4;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 33;
  • Жалал-Абад облусу – 2;
  • Баткен облусу – 10.

Ушуну менен илдет илештирип алгандардын жалпы саны 176 018 болду. Ал эми бир сутка ичинде 290 киши сакайып, былтыртан бери 170 169 адам жакшы болуп кетти. Тилекке каршы, бир суткада төрт бейтап көз жумган. Пандемия башталгандан бери оору 2 536 кишинин өмүрүн алды.

Акыркы маалымат боюнча, ушу тапта стационарда 954 жана амбулатордук түрдө 910 адам дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0