24 саат тынбай манас айткан Дөөлөт Сыдыков эс алуудан соң баянды кайра баштады

© Фото / Гульзара КокеноваМанасчы Дөөлөт Сыдыков
Манасчы Дөөлөт Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Манасчы Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылып жатат. Беш күн, беш түн тынбай улуу баянды айтуу үчүн ал Москвага 29-августта учуп кеткен.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Өзүнүн рекордун жаңылап Москва шаарында 24 саат бою тынбай манас айткан Дөөлөт Сыдыков эс алуудан соң улуу баянды кайрадан айта баштады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине иш-чараны уюштуруучулардын бири Гүлзар Кокенова билдирди.

Анын айтымында, манасчынын ден соолугу да, маанайы да жакшы. 

"Өткөндө "Ала-Тоо" аянтында айтканда 14 саат 27 мүнөттөн кийин токтотуп коюшкан эле. Ага Дөөлөт манасчы нааразы болгон. Москвадан "канча айтсам да токтотпогула" деген өзүнүн талабы бар болчу. Азыр кайра айтып баштады. Ден соолугу жакшы, диаспоранын дарыгерлери бар, карап жатышат. Маанайы да жакшы, келгендер менен сүрөткө түшүп, жадырап-жайнап жүрөт", — деди Кокенова.

Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков Гиннес рекорддор китебине кирүүгө аракет кылып жатат. Беш күн, беш түн тынбай улуу баянды айтуу үчүн ал Москвага 29-августта учуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0