"Коопсуз шаар — 2". Кыргызстандын төрт шаарына камера орнотулду

© Фото / пресс-служба Министерства цифрового развития КРКыргызстандагы төрт шаардын көчө кесилиштерине орнотулган "Коопсуз шаардын" камерасы
Кыргызстандагы төрт шаардын көчө кесилиштерине орнотулган Коопсуз шаардын камерасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жазылуу
Камералар Бишкектин 16 кесилишинде, Оштун 11 кесилишинде, Токмоктун алты кесилишинде, Канттын бир кесилишинде жайгашты.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы төрт шаардын көчө кесилиштерине "Коопсуз шаардын" камералары орнотулду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Коопсуз шаардын камерасын орнотуп жаткан жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2021
Бишкек жана Токмокко "Коопсуз шаардын" камералары орнотулууда. Даректери
Маалыматка караганда, "Г" түрүндөгү түркүктөрдүн ар бирине үчтөн камера орнотулган. Алар эреже бузулганын каттап, фотофиксация жасайт, үчүнчүсү жолдо эмне болуп жатканын тартып, көрсөтүп турат.

Жалпы жонунан 34 түркүккө камералар орнотулган. Алар Бишкектин 16 кесилишинде, Оштун 11 кесилишинде, Токмоктун алты кесилишинде, Канттын бир кесилишинде жайгашты.

Комплекстер күнү-түнү иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0